AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Бокс боюнча курама команда Сербияда өткөн эл аралык мелдеште 3 медаль жеңди

Кыргызстандык спортчулар 22-27-апрель күндөрү Белград шаарында (Сербия) өткөн бокс боюнча эл аралык «Belgrade Winner» мелдешинде 3 медаль жеңишти. 
 
Азат Усеналиев (52 кг салмактык категорияда) жана Акылбек Эсенбек уулу (57 кг) күмүш медаль тагынышты, ал эми Өмурбек Бекжигит уулу (75 кг) 3-орунду ээледи.  
Белгилей кетсек, курама команда улук машыктыруучусу Жылдызбек Ниязалиевдин  жетекчилиги алдында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш сапарга жөнөтүлдү.  
 
Булак: sport.gov.kg