AUCA the best 2

2024-04-24

Жаңылыктар

Азат Үсөналиев менен Эркин Адылбек уулу Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты

26-майда БАЭде өтүп жаткан бокс боюнча Азия чемпиондугунун үчүнчү  күнү, мелдештин чейрек финалдык баскычынын акыркы беттештери орун алды.

Ал эми рингге Кыргызстандан 5 спортчу чыкты. Азат Үсөналиев менен Эркин Адылбек уулу жарым финалга чыгып, калган үч кыргызстандык жеңилүү ызасын тартып калды.


26-майдагы беттештердин жыйынтыгы

52 кг чейин 1/4 финал Азат Үсөналиев - Омид Ахмадисафа (Иран) - 5: 0
60 кг чейин 1/4 финал Эрдэнэбат Цендбаатар (Монголия) - Мунарбек Сейитбек уулу - 5: 0
69 кг чейин 1/4 финал Бобо-Усмон Батуров (Өзбекстан) - Нурадин Рустамбек уулу - 5: 0
75 кг чейин 1/4 финал Өмүрбек Бекжигит уулу - Саиджамшид Жафаров (Өзбекстан) - 0: 5
81 кг чейин 1/4 финал Юсеф Хуссейн (Кувейт) - Эркин Адылбек уулу - 0: 5