AUCA the best 2

2024-07-27

Жаңылыктар

Нурадин Рустамбек уулу: “Быйыл спортчулар үчүн “майдан” жылы”

Биздин кезектеги маектешибиз Нурадин Рустамбек уулу 2019-жылы Монголияда бокс боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиону. Ал 2001-жылы 24-сентябрда. Жалал-Абад облусунун Сузак районун Комсомол айылында жарык дүйнөгө келген. Учурда “Тай-Мурас” спорт клубунда машыгып, Кыргыз улуттук университетинде 2-курста юридикалык жаатта билим алат. Topsport.kg сайтынын тандоосу боюнча 2019-жылдын “Жыл жаңырыгы”номинациясынын ээси.

- Салам Нурадин! Акыркы жаңылыктарыңдан  айтып берсең?
- Саламатсызбы? Жаңылыктар буюрса алдыда болот. Азыр тынымсыз даярдык менен алекмин. Үстүбүздөгү жыл көпчүлүк спортчулар үчүн “майдан” жылы деп эсептейм. Анткени Японияда өтчү олимпиада оюндарына катышууга Азия, Дүйнө жана ар кандай эл аралык мелдештерди басып өтүү керек. Өзүм дагы аталган баскычтарга ийгиликтүү катышуунун үстүндө иштөөдөмүн.

- Эмне үчүн бокс?
- Негизи бокс көп жылдан бери аксап жүрөт. Бизде популярдуугу солгундаса, коңшу Өзбекстан, Казакстанда тескерисинче өрүш алган. Анткени аларда олимпиада чемпиондору көп. Менин деле бокстогу максатым – олимпиада чемпиону болуу жана кыргыз боксунун беделин көтөрүү.

- Өзүңдү башка спорттун түрү менен элестетип көрдүң беле? Маселен шоу жараткан спорт түрү менен.
- Суроонун төркүнүн түшүндүм. Азыр көбүнесе спортчулар эр уруштарга да катышууда. Ошол менен боксчулар да эрежесиз оюндарга агылгандар бар. Мен аларды деле күнөөлөбөйм. Менимче өзүн түбөлүк бокстон көрө албагандардын жеке чечими болушу мүмкүн. Өзүмө келсем, бокс спорттогу алмашкыс сүйүүм. Бокс менен спортчу аталдым. Демек аягына чыгышым керек.

- Жеке көз карашында кыргыз спортуна эмне жетишпей жатат?
- Акча көп нерсени чечет деген менен, акча чечпеген бизде кайдыгерлик бар. Майда деп маанилүү нерселерди көз жаздымда калтырабыз.

- Алгачкы кадамдарына ким түрткү болгон?
- Бир тууган эки агам “Тай-Мурас” спорт клубунда машыгышчу. Аларды ээрчип көп жолу залга келгем. Бирок мен барганда жашым жете элек болчу. Машыктыруучум Улан Сагынбаевдин жеке көзөмөлү менен бокско алындым. 

- Биз билбеген башка эмне өнөрүң бар?
- Көчмөн баласы жылкыга жакын эмеспи. Айылда өзүм аргымак таптап, көк бөрү тартам. Ат үстүндөгү спорт менен алектенем десем болот. 

- Sports Аwards-2019да “Жыл жанырыгы номинациясын уттуң, кандай сезимдер болгон ошондо?
- Албетте жагымдуу болду. Спорттогу жеңишимдин даамын таттым. Улан агайымдын мага кетирген эмгегин аз да болсо актоого аракет кылдым. Ошону менен бирге жоопкерчилик күчөдү. Эл ишеними менен сыймыгында калуу оор мээнет. Буюрса ийгиликтин баарын элиме арнайм.

- Маңыздуу маегиңе ыраазычылык!

Нурадин 2

Автор: Сезимай Жунусова