AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Кыргызстандыктар БАЭде өткөн Азия чемпионатында 4 медалга ээ болду

Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы БАЭде өткөн Азия чемпионатында 4 медалга ээ болду. Турнир 24-майда башталган, башкы машыктыруучу Данияр Абдураимовдун жетекчилиги астында Кыргызстандын курама командасына 10 спортчу катышкан.
Турнирдин жыйынтыгында Кыргызстандын курамасында 4 коло медаль бар. 
 
Азат Үсөналиев (52 кг чейин), Акылбек Эсенбек уулу (56 кг чейин), Эркин Адылбек уулу (81 кг чейин) жана Рустам Ырысбек уулу (91 кгдан жогору) 2021-жылдагы Азия чемпионатынын байге ээлери болду.