2024-07-27
Жаңылыктар
Хорватияда өткөн Европа Кубогунда Кыргызстандын кикбоксчулары 7 медалга ээ болду
28-30-май күндөрү Загреб шаарында (Хорватия) кикбоксинг боюнча кезектеги Европанын Ачык Кубогу болуп, ага 30дан ашык мамлекеттин спортчулары катышты.
![](/images/IMG_20210601_203535_147.jpg)
Шабдан Молдокматов (81 кг салмакка чейин) Европанын ачык кубогунун ээси болду. Аширбаев Нурсултан жаштар арасында Европа Кубогунун жеңүүчүсү болуп, ал лоу-кик бөлүмүндө 57 кг салмакта күч сынашты. Улан Касымбеков дароо эки лоу-кик жана К1 секцияларында коло медалдын ээси болду. Ошондой эле 3-орунга Амир Сабырбеков, Очилов Довуд, кенже Сушков Максим жана курсант Филашов Платон ээ болду.