2024-11-23
Олимпиада: Кыргызстандын делегациясы ачылыш аземдин алдында
Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземи Токиодо бүгүн, 23-июлда Бишкек убактысы боюнча саат 17: 00дө башталды.
Имронбек Рахманов жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болду
Кыргызстандык балбан Имронбек Рахманов Венгриянын Будапешт шаарында өткөн эркин күрөш боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) расмий сайтындагы маалыматка таянсак, Рахманов 21-июль күнү 45 килограммга чейинки салмакта коло байге үчүн беттеште индиялык Кумар Шоурияны 6:0 эсебинде жеңип алган.
Олимпиада: Кыргыз желегин К.Кубанычбекова менен Д.Петрашов көтөрүп чыгат
Токиодогу Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземинде Кыргызстандын желегин ким көтөрөрү белгилүү болду. Олимпиаданын ачылыш аземи 23-июлда болот.
Кыргызстандын дагы бир жөө күлүгү Олимпиадага барбайт. Себеби?
Кыргызстандык спортчу Мария Коробицкая Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына катышпайт.
Токио Олимпиадасында спортчулардын парады болбойт
Токио Олимпиада оюндарынын уюштуруучулары ачылыш аземинде салттуу параддан баш тартууну чечишти.
Санкт-Петербургдан келген таэквондочулар Бишкекте машыгуу жыйындарын өткөрүшүүдө
Дүйнөлүк таэквондо боюнча Санкт-Петербург шаарынын курама командасы Бишкекте окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Команда 5 адамдан турат - 1 машыктыруучу жана 4 спортчу. Россиялык команда Бишкекке 8-июлда келип, 20-июлга чейин болот. Санкт-Петербург шаарынын командасы Бишкекке төртүнчү ирет келди.
Отар Бестаев спорттук карьерасын жыйынтыктады
Кыргызстандын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Отар Бестаев спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жарыялады.