2024-04-24
Олимпиада оюндары: Жоламан Шаршенбеков коло медаль үчүн күрөшөт
Шаршенбеков Токиодогу Олимпиада оюндарынын жарым финалына чыга алган жок. Ал грек-рим күрөшү боюнча мелдеште 60 кг салмакта күч сынашкан. 1/8 финалда анын атаандашы казакстандык Мейрамбек Айнагулов болуп, Шаршенбеков аны 8:0 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыккан.
Олимпиада оюндары: Айпери Медет кызы чейрек финалга чыкты
Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курамасынын мүчөсү Айпери Медет кызы 76 кг салмак чен бирдигинде 1/8 финалда Казакстандык Элмира Сыдыкова менен күч сынашкан. Жыйынтыгында 8:1 эсебинде жеңишке жетти.
Токио Олимпиадасы: Жоламан Шаршенбеков чейрек финалга чыкты
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз республикасынын курама командасы мүчөсү Жоламан Шаршенбеков Токиодогу Олимпиада оюндарында ийгиликтүү баштады.
UFC мушкери Валентина Шевченко эл аралык World MMA Awards сыйлыгына кайрадан көрсөтүлдү
Кыргызстандык мушкер "Жылдын мушкер айымы" номинациясында ат салышууда. Маалыматка ылайык бул категорияда Шевченконун атаандаштары Маккензи Дерн, Кайла Харрисон, Роуз Намаюнас жана Манон Фиоро болот.
Айаал Лазеров жана Эрназар Акматалиев машыктыруучулары менен бирге Токиого сапар алды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү Эрназар Акматалиев жана Айаал Лазарев жайкы Олимпиадалык оюндарга сапар алышты.
Олимпиада оюндары: оор атлет Бекдөөлөт Расулбеков 6-орунду камсыз кылды
Токио шаарында өтүп жаткан жайкы Олимп оюндарында кыргызстандык оор атлет Бекдөөлөт Расулбеков 6-орунду камсыз кылды.
Олимпиада оюндарын: Шаршенбеков менен Медет кызынын алгачкы атаандаштары — аныктады
Бүгүн, 31-июлда Токиодо Олимпиада оюндарынын алкагындагы күрөш боюнча турниринин чүчү кулагы кармалды.