2023-12-05
Афганистан командасы көк бөрү боюнча КРнын Президентинин Кубогуна катышат

28-июнда Кыргыз Республикасынын Көк Бөрү федерациясынын башкы катчысы Куватбек Аскарбековдин Афганистандын көк бөрү боюнча «Кандагар» командасынын жетекчиси Кайс Хасан менен онлайн видео жолугушуусу өттү.
Нурсултан Кеңешбеков жана Мусулман Жоломанов Беларусь Республикасынын чемпионатында 4 медаль жеңишти

Жеңил атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 24-26-июнь күндөрү Минск шаарында (Беларусь) өткөн Беларусь Республикасынын чемпионатында 4 медаль жеңишти.
Эркин күрөш боюнча курама команда «Yaşar Doğu» эл аралык мелдешинде 5 медаль жеңди

Эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 24-27-июнь күндөрү Стамбул шаарында (Түркия) өткөн «Yaşar Doğu» эл аралык мелдешинде 5 медаль ( 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло) жеңди.
Баткенге заманбап стадион курулат

Баткен облусуна заманбап сдадион курулат. Бул тууралуу Түркиянын элчиси Ахмед Садык Догандын Баткенге болгон иш сапарында белгилүү болду. Ал эми эскилиги жеткен стадион 1969- жылы пайдаланууга берилип, учурда оюн аянтчасы жараксыз абалда.
Өзбекстанда өткөн Эл аралык мелдеште кыргыз спортчулары 18 медаль жеңди

Өзбекстандын Хива шаарында Mas-Wrestling World Cup 2021 Эл аралык турнир болуп өттү. Мелдеш 16-21 июнь күндөрү болуп, ага Кыргызстандын атынан 33 спортчу катышкан. Турнирдин алкагында спорттун таяк тартышуу түрү боюнча болду. Мелдешке жети мамлекеттен келген спортчулар катышкан. Ал эми Кыргызстандын атынан катышкан 33 спортчунун 18и байгелүү орундарга жетишкен. 85 кг салмакта катышкан Айжан Анарбекова биринчи орунга ээ болсо, уландар арасында 70 кг салмакта катышкан Элдос Айтбеков алтын медаль тагынды. Мындан сырткары беш спортчу күмүш медалга ээ болсо, ал эми он бири коло медалга ээ болгон.
Кыргызстандын жаш футболчулары Армениядагы эл аралык мелдеште күмүш медаль тагынышты

Кыргызстандын футбол боюнча өспүрүмдөр курама командасы (U-16) Арменияда өткөн эл аралык «Өнүгүү кубогунда» 2-орунду ээледи.
Нурмагомедов атындагы Бүркүттүү күрөш боюнча чемпионатынын күрөшүү уюму Кыргызстанда турнир өткөрөт

UFCнин чемпиону Хабиб Нурмагомедов атындагы Бүркүттүү күрөш боюнча чемпионатынын күрөшүү уюму Кыргызстанда турнир өткөрөт. Маалыматка ылайык, турнир август айында өтөт.