2024-11-23
Кыргызстандык эки балбан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты
Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандан эки спортчу финалга чыкты. Бүгүн 25-июлда грек-рим күрөшү боюнча акыркы 5 салмак категориясында мелдештер башталат. Кыргызстандан 5 балбан килемге чыкты.
Токиодогу Олимпиада: Роман Петров жеңиш менен баштады
Кыргызстандык Роман Петров бүгүн Олимпиада оюндарындагы мелдешин жеңиш менен баштады.
Кыргызстандык спортчу Олимпиада оюндарында сууда сүзүү боюнча 27 оорунду ээледи
Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Токиодогу Олимпиада оюндарында 27 оорунду камсыз кылды. Бүгүн 24-июлда кыргызстандык 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен 1 мүнөт 0,23 секунда маарага келген.
Олимпиада: Каныкей Кубанычбекова 48-орунга жазылды
Токиодогу Олимпиада оюндарында Кыргызстандын курама командасынан алгачкылардан болуп Каныкей Кубанычбекова мелдешке чыкты. 10 метрге ок атуу боюнча бүгүн эртең мененки күч сынашууга жалпы 50 спортчу катышкан.
Ысык-Көлдө 1000ге чукул мушкер катышкан дүйнө чемпионаты өтөт
Мындай уникалдуу дүйнө биринчилигинде 17 өлкөдөн келген мушкерлер спорттун төрт түрү боюнча күч сынашат.
Жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты: 23-июлга карата жуптар
Венгрияда эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр арасында Дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Мелдештин бешинчи күнү 23-июлда грек-рим күрөшү боюнча мелдеш башталды. анда жалпысынан 10 комплект медаль ойнотулат. Турнир 5 салмак категориясы боюнча болот. Килемге Кыргызстандан 5 спортчу чыгат.
Олимпиада: Кыргызстандык спортчулар кайсы күндөрү мелдешке чыгат?
Бул жолку Олимпиада (32-оюн) оюндары Япониянын Токио шаарында өтүп жатат. Дүйнөлүк масштабдагы мелдешке Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алууга жетишкен. Алардын арасынан сууда сүзүүчү Денис Петрашов 100 жана 200 метр дистанцияда күч сынашат.