2024-04-18
Олимпиада: Петрашов 18-орунда жарым финалга чыгууга 0,12 секунд жетпей калды
Олимпиада оюндарына катышып жаткан кыргызстандык спортчу Денис Петрашов бүгүн, 27-июлда 200 метр аралыкка брасс стилинде сүзүү боюнча мелдешке чыкты.
Токиодогу Олимпиада: Дзюдочу Владимир Золоев мелдешин жыйынтыктады
Токио шаарында Олимпиада оюндары өтүп жатат. Кыргызстандык спортчу Владимир Золоев болсо мелдештерин жыйынтыктады.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команда Токиого сапар алды
Бүгүн, грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык курама командасы Токиого сапар алды. Спортчуларды Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттике караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Алибек Ташматов, күрөш бөлүмүнүн куратору Азамат Бекмурзаев, Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча федерациясынын вице-президенти Канат Бегалиев жана федерация өкүлдөрү, балбандардын жакындары, достору жана күйөрмандары узатууга келишти.
Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Токиого жөнөп кетти
Оор атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын мүчөсү Бекдоолот Расулбеков, башкы машыктыруучусу Камбар Токтоналиев жана улук машыктыруучусу Өмүржан Молдодосов менен бирге Японияга жөнөп кетти.
Кыргызстандык эки балбан каддеттер арасында дүйнө чемпиону аталды
Кыргызстандык балбандар Раззак Бейшекеев менен Нуристан Сүйөркулов грек-рим күрөшү боюнча кадеттер арасындагы дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрү аталды. Бул тууралуу Күрөш боюнча дүйнө бирикмесинин расмий сайтына жарыяланды.
Кыргызстандык эки балбан жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунун финалына чыкты
Венгрияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугунда Кыргызстандан эки спортчу финалга чыкты. Бүгүн 25-июлда грек-рим күрөшү боюнча акыркы 5 салмак категориясында мелдештер башталат. Кыргызстандан 5 балбан килемге чыкты.