2024-11-22
ЕВРО-2020: 1-турдун жыйынтыктары (турнирдик таблица)
12-июнда футбол боюнча Европа чемпионаты башталды. Мелдеш Европанын 11 шаарында өтүүдө. Кечээ, 15-июнда тайпалык оюндардын 1-туру жыйынтыкталды.
Роналду Европа чемпиондугунун тарыхындагы эң мыкты бомбардир болду
Футбол боюнча Европа чемпиондугунун алкагында кечээ, 15- июнда Португалия менен Венгрия беттешти. Оюндун жыйынтыгы менен португалиялык футболчулар 3:0 эсеби менен утуп алышты.
"Ден соолук" спартакиадасы Чолпон-Ата шаарында өтөт
21-28-июнь күндөрү Голубой Ысык-Көл санаториясында Кыргыз Республикасынын билим берүү тутумунун билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин арасында Ден-соолук спартакиадасы өтөт. Спартакиадага жалпы билим берүүчү мектептеринин жана кошумча билим берүүчү мекемелердин кызматкерлери жана жогорку окуу жайларынын жана аймактардан командалары катышат алат.
Мирлан Мурзаев - 2022-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна тандоо боюнча Кыргыз курама командасынын мыкты бомбардири
Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Азия чөлкөмүндө өткөн Дүйнөлүк Кубоктун тандоо турунда команданын мыкты бомбардири болуп калды. Кыргызстандын курама командасы Япониянын, Тажикстандын, Мьянманын жана Монголиянын курама командалары менен биргеликте F тандоо тобунда ойноду. 8 оюнда Кыргызстандын курама командасы 10 упай топтоп, 19 гол киргизди. Мирлан Мурзаев 5, Эдгар Бернхардт, Гүлжигит Алыкулов жана Алимардон Шүкүров 3төн гол киргизген.
CAFA: Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасы Афганистанды жеңип алды
Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы (U-20) Тажикстанда өткөн Борбордук Азия чемпионатында катары менен экинчи жеңишке жетишти. 15-июнда өткөн төрт раунддук беттеште кыргызстандыктар Ооганстандын курама командасы менен беттешип, 3: 0 эсебинде ири жеңишке жетишти. Голдорду Татьяна Казначеева, Адинай Дүйшөбаева жана Фатима Эрмаматова киргизди. Бул жеңиш Кыргыз курама командасы үчүн катары менен экинчи болду. Мурунку турда Валерий Березовскийдин командасы Тажикстандын курама командасын ушундай эле эсеп менен утуп алган.
Кыргызстандын курама командасы Дүйнөлүк Кубок-2022 тандоосундагы оюну жыйынтыкталды
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2022-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун тандоо турундагы оюнун жыйынтыктады. Кыргыз командасы 2022-жылдагы Дүйнөлүк Кубоктун тандоосун экинчи этаптан баштап, анда 40 команда 5 командадан турган 8 топко бөлүнгөн. Кыргызстан курама командасы Япония, Тажикстан, Мьянма жана Монголиянын курама командалары менен биргеликте F тобуна кирди.
Бокс боюнча өспүрүмдөр курама командасы Казакстанда өткөн эл аралык мелдеште 8 медаль жеңди
Бокс боюнча Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр курама командасынын мүчөлөрү 8-13-июнь күндөрү, Актөбе шаарында (Казакстан) өткөн эл аралык мелдеште 8 медаль (3 алтын, 2 күмүш, 3 коло) жеңишти.