2024-07-27
Бүгүн кыргыз футболчулары япониялыктар менен беттешет
Бүгүн, 15-июнда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы өтө турган дүйнө биринчилигине тандап алуу оюндарынын алкагында Япониянын футболчулары менен күч сынашат.
ЕВРО-2020: Чехия Шотландияны 2: 0 эсебинде жеңип алды
Чехиянын футбол боюнча курама командасы Европа чемпионатында ийгиликтүү старт алды. D тобунун биринчи турунун матчында чехтер Глазго шаарында Шотландия курама командасы менен ойноп 2: 0 эсебинде жеңишке жетишти.
Кыргызстандык самбочулар жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 12 медалга ээ болду
Кыргызстандык спортчулар самбо боюнча жаштар арасындагы Азия чемпиондугунда 12 медалга ээ болду. 2021-жылдагы жаштар арасындагы Азия чемпионаты 4-6-июнь күндөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өткөн. Кыргызстандыктар 12 медалга ээ болушту - 4 күмүш жана 8 коло.
Москва районунун командасы Чыңгыз Айтматовдун кубогун жеңип алды
Сергиев Посад шаарында (Россия) Чыңгыз Айтматов Кубогу үчүн көк-бор боюнча эл аралык мелдеш болуп өттү. Мелдеш 2021-жылы Россия менен Кыргызстандын кайчылаш жылына даярданууга арналган. Турнирде
3-орун жана коло медалдар үчүн болгон беттеште Подольск командасы Атуул командасы (Кыргызстан) менен беттешип, 12: 2 эсебинде жеңишке жетишти.
Дүйшөмбү шаарында өтүп жаткан CAFA-2021 чемпионатында кыргыз футболчулары биринчи беттешинде жеңилип калды
12-июнь күнү Дүйшөмбү шаарында өткөн 20 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы Борбордук Азия Футбол Ассоциациясынын чемпионатында экинчи айлампанын матчтары болуп өттү.
Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты
Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн эл аралык мелдешти жеңип, дүйнөлүк рейтингдин сап башына жайгашты. Тыныбекова8-июндан 13-июнга чейин Польшада өткөн эл аралык мелдеште 62 кг салмак категориясында күч сынашып, алтын медаль жеңди. Бул мелдеш балбандардын рейтингине дагы таасир этмек. Себеби байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга упайлар берилмек.
ЕВРО-2020: Голландия Украинаны 3: 2 эсебинде утуп алды
Голландиянын футбол боюнча курама командасы Европа чемпионатында жеңиш менен баштады. "С" тайпасынын биринчи турундагы беттеште голландиялыктар Украина курама командасы менен беттешти. Биринчи тайм тең чыгуу менен аяктады Тыныгуудан кийин, 7 мүнөттө эки гол киргизүүгө жетишкен. Жыйынтыгында эсеп саны 2:0.