2022-05-17
Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына даярдык көрүү боюнча көчмө жыйын болуп өттү.

1-апрелде «Газпром – балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде (Бишкек шаары) дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына даярдык көрүү боюнча көчмө жыйын болуп өттү.
Жолугушууга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттогу жогорку жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги Марат Аскарбеков, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, КРнын Улуттук дзюдо федерациясынын өкүлдөрү, тиешелүү аткаруу бийлик органдарынын жана башка уюмдардын жетекчилери катышышты.
Дзюдо боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстандын курама командасы

6-9-апрелде Бишкекте дзюдо боюнча аялдар жана эркектер арасында Азия жана Океания чемпионаты өтөт.
Жалпысынан эркектер жана аялдар арасында 14 комплект медаль ойнотулат.
Турнирде эркектер арасында 7 комплект медалдар ойнотулуп, алар үчүн Кыргызстандан 9 спортчу күч сынашат.
Көк бөрү оюну боюнча Лейлек районунун биринчилиги өтөт

Улуттук оюдарды жер-жерлерде өнүктүрүү максатында көк бөру оюну боюнча Баткен облусунуна караштуу Лейлек районунуну биринчилиги болот. Чемпионат 10-11 апрель күнү Лейлек районунун Миң-Жыгач айылында оорун алат. Мелдешке жалпы аталган райондун айыл аймактарынан келген командалар катышат.
Валентина Шевченконун катышуусунда өтүүчү мелдешке билеттер сатылып бүттү

24-апрелде АКШнын Флорида штатындагы Джексонвилл шаарында UFC 261 аралаш мушташ өнөрү боюнча мелдеш өтөт. Бул Лас-Вегаста же Беттеш Айлендде өтпөй калган биринчи турнир болот. Мындан тышкары, бул бардык стенддерди толтурууга уруксат берилген биринчи шоу болот.
UFC президенти Дана Уайт буга чейин билеттер сатыла баштаганда, алар дароо сатылып кеткенин билдирген. Анын айтымында, бир нече мүнөттүн ичинде бардык билеттер жок болуп кетти.
Даниил Медведев Майамидеги мелдештин чейрек финалында Роберто Баутиста-Агутка утулуп калды

Испаниянын спортчу Роберто Баутиста-Агут Майамидеги мелдештин чейрек финалында орусиялык Даниил Медведевди жеңип алды. Беттеш 6: 4, 6: 2 эсеби менен испаниялыктын пайдасына аяктады. Мелдеш 1 саат 33 мүнөткө созулду. Испандар бир да жолу эйс жасашкан жок, бир дагы эки жолу ката кетиришкен жок жана 7 брейктан 3 брейк-гол киргизишти.
Мамлекеттикте спорттук комплекстин курушулун талкуулашты

29-март күнү Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары – Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Шабданбаев ишкер Аскар Салымбеков, Кыргыз Республикасынын хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов жана Улуттук триатлон федерациясынын президенти Чынгыз Алканов менен жолугушту.
Жаштар арасында грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү

29-30-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда (Бишкек шаары) грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү.
Республикалык чемпионатка өлкөнүн бардык облустарынан жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 200дөн ашык спортчу катышты.