AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Евро-2020: Италия менен Белгия алдыда

Италия жана Бельгиянын футбол боюнча улуттук курама командалары Европа чемпионатынын биринчи турунун жыйынтыгы боюнча өз топторунда алдыда келе жатышат.

«А» тобундагы Италия курама командасы биринчи оюнда Түркияны 3:0 эсебинде жеңип, 3 упай топтоду. Уэльс менен Швейцариянын оюну тең чыгуу менен аяктады .

«В» тайпасында Бельгия курама командасы Россияны 3:0 эсебинде, Финляндия Данияны 1:0 эсебинде утуп алды.

1-турдун жыйынтыгы:

«А» тобу

Түркия - Италия - 0:3

Уэльс - Швейцария - 1: 1

«B» тобу

Дания - Финляндия - 0:1

Бельгия - Россия - 3:0