2024-11-22
Футболчу Айдана Оторбаева паралимпиадага каражат чогултуп жатат
Кыргызстандык белгилүү футболчу, машыктыруучу жана коомдук ишмер Айдана Оторбаева паралимпиадага каражат чогултуп жатат. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
15 күн аралыгында апамдын операциясы үчүн каражат чогулду
Белгилүү спортчу балбан, кыргыздын сыймыктуу кызы Алтынай Мамарасул кызы менен маектештик. Көп убакыттан бери спорттон алыстаган балбан кызыбыз алдыда ишке аша турган аруу максаттары менен бөлүштү.
Футбол боюнча Европа чемпионатындагы оюндардын убактысы
11-июндан 12-июнга караган түнү Рим шаарында (Италия) футбол боюнча Европа чемпионаты башталат. Турнирдин ачылыш матчында Олимпико стадионунда Түркия менен Италиянын курама командалары беттешет. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 01: 00дө башталат. UEFA EURO 2021 матчтары Европанын 11 башка өлкөсүндө ойнолот. Топтук турдун жыйынтыгында, ар бир топтогу эки күчтүү команда жана үчүнчү орунду алган төрт мыкты жеңүүчү плей-офф баскычына жолдомо алышат.
Борбордук Азия чемпионаты: 20 жашка чейинки кыз-келиндер арасындагы Кыргызстандын курама командасынын күн тартиби
Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндер улуттук курама командасы (U-20) CAFA U-20 Women’s Championship эл аралык турнирине катышат. Борбор Азия чемпионаты 9-18-июнь күндөрү Душанбе шаарында (Тажикстан) өтөт.
Жеңил атлетика боюнча улуттук курама команда эл аралык турнирлерге даярданууда
Эл аралык турнирлерге ийгиликтүү даярдануу максатында, Кыргыз Республикасынын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Ысык-Көл районунун Кажы-Сай айылында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүшүүдө. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, ТКБ 26-майда башталып, 18-июнда аяктайт.
Вьетнамдын таэквондо боюнча аялдар командасы Бишкекте окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө
Вьетнамдык таэквондо боюнча дүйнөлүк аялдар командасы Бишкекте окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө. Вьетнамдык команда 2021-жылы Ливандын Бейрут шаарында өтө турган Азия чемпионатын баштоого даярданууда. ТКБ 10-июнга чейин өткөрүлөт.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команда «VEHBI EMRE HAMIT KAPLAN» эл аралык мелдешине даярдык көрөт
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 17-20- июнь күндөрү Стамбул шаарында (Түркия) өтө турган «VEHBI EMRE HAMIT KAPLAN» эл аралык мелдешине катышат.