2024-07-27
Кыргызстандын футбол курама командасын 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына тандоо мелдешине узатуу иш-чарасы өттү
![](/images/IMG_20210602_141055_918.jpg)
1-июнь күнү футбол боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасын Жапонияга 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатына жана 2023-жылы өтө турган Азия Кубогуна тандоо мелдешине узатуу кечеси өттү.
Хорватияда өткөн Европа Кубогунда Кыргызстандын кикбоксчулары 7 медалга ээ болду
![](/images/IMG_20210601_203535_147.jpg)
28-30-май күндөрү Загреб шаарында (Хорватия) кикбоксинг боюнча кезектеги Европанын Ачык Кубогу болуп, ага 30дан ашык мамлекеттин спортчулары катышты.
Түркияда өткөн эл аралык мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү 4 медаль жеңишти
![](/images/IMG_20210601_114320_567.jpg)
Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курама командасынын мүчөлөрү 28-30-май күндөрү Стамбул шаарында (Түркия) өткөн «Champions 2021» XXIII эл аралык мелдешинде 4 медаль (2 күмүш, 2 коло) жеңишти.
Дзюдо федерациясын өкүлдөрүн сыйлоо аземи
![](/images/1622441838_ikonka.jpg)
Кыргызстандын улуттук дзюдо федерациясынын өкүлдөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чаранын алкагында Савурджан Аматов, Ислам Баялинов, Роман Кузьмин, Елена Исакова, Айзат Кадыралиевге дзюдо спортунун өнүгүшүнө кошкон татыктуу салымдары үчүн сыйланды.
Кыргызстандыктар FCF MMA Дүйнөлүк Кубогунда 2 алтын курду жеңип алды
![](/images/1173013.a929258ee4db2c4c3fc962cea7681381_1.jpg)
Кыргызстандын спортчулары ММА боюнча FCF Дүйнөлүк Кубогунда ийгиликтүү оюн көрсөттү. Турнир 28-30-май күндөрү Таганрог шаарында (Россия) өттү.
Кыргызстандыктар БАЭде өткөн Азия чемпионатында 4 медалга ээ болду
![](/images/1170709403ead43408d07bfdc194430fb48c45e.jpg)
Бокс боюнча Кыргызстандын курама командасы БАЭде өткөн Азия чемпионатында 4 медалга ээ болду. Турнир 24-майда башталган, башкы машыктыруучу Данияр Абдураимовдун жетекчилиги астында Кыргызстандын курама командасына 10 спортчу катышкан.
Арсалан Будажапов Ярыгин Гран-присинде коло медалды жеңип алды
![](/images/11730509e60ce0bbc3bddc76843c39222ef63d1.jpg)
Кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов Россияда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште коло медалга ээ болду. Гран-при "Иван Ярыгин-2021" 27-30-май күндөрү Красноярск шаарында өттү. Будажапов 28-29-май күндөрү 79 кг салмак категориясындагы турнирде чыгып, коло медалга ээ болду.