AUCA the best 2

2024-04-26

15 күн аралыгында апамдын операциясы үчүн каражат чогулду

Белгилүү спортчу балбан, кыргыздын сыймыктуу кызы Алтынай Мамарасул кызы менен маектештик. Көп убакыттан бери спорттон алыстаган балбан кызыбыз алдыда ишке аша турган аруу максаттары менен бөлүштү.
 
- Саламатсызбы Алтынай, көп убакыттан бери спорттон алыстап кеттиңиз, буга эмне себеп болду?
 
- Саламатчылык!
Турмушка чыккам. Учурда бир кыздын апасымын кызым бир жашка толуп кылыктары чыгып мени кубандырып келе жатат эне болгон аябай башкача экен.
 
- Жеке жашооңузда, бир топ кыйынчылыкка дуушар болдуңуз, апаңыздын ден-соолугу кандай?
- Ооба өзүңүздөргө бергилуу болгондой эле апам боор орусуна чалдыгып боорун алмаштырып келиш керек болуп калды. Апамдын омурун сактап калуу учун оз жанымды аябай боорумду берууго даяр болдум. Жалпы кыргыз элине үй-бүлөбүз менен терен ырызычылыгыбызды билдиребиз. Оператция ийгиликтуу болуп мекенибизге кайтып келдик. Интернет булактарынан апамдын ден соолугун сурагандар  көп. Баардык кыргыз калкына терен ыразычылыгыбызды билдиребиз апам Жакшы!
 
- Мындан сырткары кайрымдуулук иштерине активдүү катышып келе жатасыз. Бул ишти баштагаңызга канча убакыт болду?
- Кичинекей кезимде максат койгон элем.  Чоң агалар, эжелер элге жардам берсе мен да чонойсом иштеп ушунтип элге жардам берсем  деп кыялдар орундалат экен
Спортто жургондо деле тапкан акчамдан бир аз болугун кайрымдуулук иштерин кылып келчуумун турмушка чыгып тороп иштебей уйдо отуруп калып токтоп калгам. Учурда иштейм колумдан келишинче жардам берип келем. Апамды биз Оператция алып кетип жатканда чон суммада каражат керек болуп 15 кундо кыргыз бир туугандарыбыз чон жардам берген. Эми биз карап турсак уят
- Спорт тармагына кайтып келүү оюңуз жокбу. Алдыдагы мелдештерге сизди көрө алабызбы?
- Спорт тармагына кайтуу кыялым бар бирок, мага 2 3 жылга уруксат жок. 3 жылдан кийин 25 ке чыгып калат экем. Ошондо алган тажрыйбаларым менен тен болушуп мыкты спортчу кыздарды тарбиялап чыгарам кудай  буйруса.
Маегиңиз үчүн чоң рахмат, ишиңиз