AUCA the best 2

2024-04-25

Мага позитивдуу адамдар жана машыгуулар жакшы энергия берет

Сергек жашоо образын тартуулаган, Аида Акматова учурда жаш улан-кыздарды тарбиялап келе жатат. Ал тарбиялаган шакирттери бир нече Эл аралык мелдештерде алдыңкы орундарга ээ болуп келет. «Канчалык тер төгүп машыксаң үзүрүн көрөсүң» дейт каарманыбыз.
 
 - Саламатсызбы Аида айым, өздүк майрамыңыз кут болсун. Сыр болбосо канча жашыңызды белгилеп жатасыз?
- Куттуктоңузга рахмат, 35 жаш.
 
- Спорттон сырткары кино тармагына да аралашып калдыңыз, жалпы канча тасмага тартылдыңыз?
- Канча 5-6 тасмага тартылгам. Документальный филмдер негизи көп тартылдым. Алардын катарын «Шахан», «Огненный мечь» толуктайт. 
 
- Спорт менен чыгармачылыктын кандай айырмачылыктары жана өзгөчөлүктөрү бар экен?
- Негизи экөө бирдей оор жана кыйын. Бирок маданият чыгармачылыгы жагын айта кетсем ал жагында бүт кылган нерсе жылмайуу менен көргөзүш керек. Машыгуу жагын айтакетсем эконуку тен бирдей.Канчалык көп машыгып тырмышса ошончолук бийик жетишкендиктерди багынтса болот.
 
- Баарына эле белгилүү, жаш улан-кыздарды тарбиялап келе жатасыз. Азыркы тапта спортко кызыккан жаштардын  саны жана сапаты боюнча ой-пикириңиз?
- Азыркы заманда көп жаштар спорт менен машыгып башташты,бул мен учун өтө кубанычтуу.Мен ишенем,келечекте жаштар гана эмес, жалпы Кыргыз элим спорт менен машыгып ден-соолугу чың болот.
 
- Негизи эле спорт тармагында жүргөн инсандын эртең мененки таңы кандай башталат?
-Аркандай башталат окшойт. Мисалы меники эртең менен көнүгүүлөрдүн жардамы аркылуу башталат. Андан кийин жумушка барып айымдарды машыктырып айымдарга керектуу көнүгүүлөрдү үйрөтөм.
 
- Адам баласында энергия күч болуп туруусу зарыл эмеспи? Ал эми сиз энергияны кайсыл жактан аласыз?
-Албетте.Мага позитивдуу адамдар жана машыгуулар жакшы энергия берет. Кээде жумуш коп болуп чарчаган кезде тоого чыгып келсем кадимкидей энергияга толуп маанайым көтөрүлөт калат 
-
- Бир топ жаш жеткинчектерди Эл аралык мелдештерге, фестивалдар алып барып жүрөсүз. Алдыда дагы кандай пландар мелдештеге даярдык жүрүп жатат?
-Алдыда буйруса көп фестиваль жана мелдештер бар. Аларга даярдыктар жакшы өтүп жатат. Март айында эле мына Ташкентке шакирттмди цирк эл аралык фестивалга алып барып алтын медалга ээ болуп келдик. Андан сон Февраль айында «Балачак 2021» фестивалында Гран-Приге ээ болгонбуз.
Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдирем ишиңизге ийгилик!!!