2024-11-21
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын курама командасынын чабуулчусу Абай Боколеев атасы каза болду
Кыргыз курама командасынын чабуулчусу Абай Боколеевдин атасы каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол Бирлиги билдирди.Ал кечээ 12-июнь күнү Кыргызстанга учуп келген.
«Кечээ, 12-июнда курама команданын чабуулчусу Абай Боколеевдин атасы көз жумду. Буга байланыштуу оюнчу команданын турган жеринен чыгып, биринчи рейс менен үйүнө учуп кетти. Биз көңүл айтабыз, орду толгус жоготуунун азап-кайгысын тең бөлүшөбүз », - деп айтылат билдирүүдө. Мьянма менен болгон беттеште Боколеев талаага биринчи курамда кирип, улуттук курама командадагы дебюттук голун киргизди.