AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Роналду Европа чемпиондугунун тарыхындагы эң мыкты бомбардир болду

Футбол боюнча Европа чемпиондугунун алкагында кечээ, 15- июнда Португалия менен Венгрия беттешти. Оюндун жыйынтыгы менен португалиялык футболчулар 3:0 эсеби менен утуп алышты.

Бул оюнда Португалия курамасынын лидери Криштиану Роналду 2 гол киргизип, курамасына жеңиш камсыздагандан сырткары, Европа чемпиондугунун тарыхындагы эң мыкты бомбардир болду.

Ал биринчи голу менен буга чейинки Мишель Платининин рекорддун жаңылап, экинчи голу менен Европа чемпиондугунда эң көп гол киргизген оюнчу аталды.

Европа чемпиондугунун тарыхындагы алдыңкы 3 бомбардир:

Криштиану Роналду (Португалия) - 10 гол;

Мишель Платини (Франция) - 9 гол;

Алан Ширер (Англия) - 7.