2023-02-08
Грепплинг боюнча Республикалык чемпионат жыйынтыкталды

2-3 октябрь күндөрү Бишкек шаарында Газпром спорттук комплексинде UWW Грэпплинг федерациясы тарабынан республикалые чемпионаты болуп өттү.
Айпери Медет кызы дүйнөлүк рейтингде төртүнчү орунга чыкты

Күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде Айпери Медет кызы 4-орунга чыкты. Жаңыланган рейтинг Норвегияда октябрдын башында өткөн дүйнөлүк чемпионаттын жыйынтыгы менен чыккан.
Бишкекте таэквондо боюнча турнир болуп өттү

10-октябрь күнү Бишкекте "Газпром" спорт комплексинде Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата ITF боюнча таэквондо боюнча Кыргыз Республикасынын ачык чемпионаты болуп өттү.
Спорттук күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасы Дүйнө чемпионатынан кайтып келди

Кечээ 12-октябрь, «Манас» эл аралык аэропортунда (Бишкек шаары) спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына катышкан Кыргыз Республикасынын эркин күрөш жана грек-рим күрөшү боюнча курама команданы тосуп алышты.
Калыс Мейрамбек Ахметов эл аралык карьерасын жыйынтыктады

Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун кыргызстандык экстра-класстагы калысы Мейрамбек Ахметов эл аралык карьерасын жыйынтыктады.
Кыргыз футбол союзунун жаңы президенти Медер Сыдыков болду

Кыргызстандын футбол союзунун президенти дайындалды. Кезексиз шайлоо бүгүн, 11-октябрда Бишкекте өттү.
Кечээ "Күз деми" марафону болуп өттү

Кечээ 10-октябрь күнү Бишкекте Күз деми эл аралык марафону өттү. Аталган марафон бешинчи ирет өтүп жатат. Жарыштын катышуучулары "Манас" аэропортунан баштап "Аска -Таш" мемориалдык комплекси боюнча 5, 10, 21 жана 42 км аралыкты басып өттү. Марафондун алкагында балдар жарышы да өткөрүлүп, ага 3-16 жашка чейинки балдар катышты. Иш-чаранын эң жаш катышуучусу 3 жашта болсо, эң улуусу 87 жашта.