AUCA the best 2

2024-07-27

Жаңылыктар

Рафаэль Физиев "UFCнин" рейтингинде 11-орунга көтөрүлдү

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев «UFC» мушташ уюмунун рейтингинде 11-орунга көтөрүлдү.

Физиев 5-декабрь күнү жаңы зеландиялык Брэд Ридделл менен беттешкен. Белгилей кетсек, 3-раундда Физиев атаандашынын башына буту менен айланып тепкен жана калыс беттешти токтотууга мажбур болгон.

Муну менен Физиев «UFC'деги» биринчи беттешинде жеңилип калгандан кийин 5 ирет катары менен жеңишке ээ болду.

Буга чейин Физиев «UFC'нин» рейтингинде 14-орунда эле.