2022-08-12
Футбол: Бүгүн Кыргызстандын курама командасы Веьтнам менен ойнойт

Бүгүн 17-октябрда Нурбек Жолдошовдун жетекчилиги астындагы Олимпиадалык команда 2022-жылдагы Азия Кубогунун (U-23) тандоо туруна даярдык көрүүдө Вьетнамдан келген атаандаштары менен ойнойт.
Футбол: Бишкекте кыз-келиндер арасындагы курама командалардын Азия кубогуна тандап алуу оюндары өтөт

Бишкекте кыз-келиндер курама командаларынын арасындагы 2022-жылкы Азия Кубогунун тандоо оюндары өтөт. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо D тайпасынын беттештери өтөт. Тайпада БАЭ, Ливан, Мьянма жана Гуам командалары беттешет. Мелдеш 18-октябрда башталып 24-октябрга чейин уланат.
Эртең Бишкекте муай-тай боюнча беттеш өтөт

Эртең 16-октябрь күнү WBC муай-тай версиясы боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт.
Балбан Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде 3-орунга чыкты

Эркин күрөш боюнча балбан Эрназар Акматалиев дүйнөлүк рейтингде 3-орунга көтөрүлдү. Бул жыйынтык октябрдын башында Норвегияда өткөн күрөш боюнча дүйнө чемпионатында көрсөткөн натыйжадан кийин жаңыланды.
Маданият өкүлдөрүнөн ортосунда көк бөрү оюну боюнча"Достук" мелдеши өтөт

17-октябрь күнү маданият өкүлдөрүнөн ортосунда көк бөрү оюну боюнча Достук мелдеши өтөт.
Дүйнө чемпиону Каныбек Осмоналиев депутаттыкка талапкерлигин койду

Кыргыз спортчусу, коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округ боюнча катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз калтырган. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.