AUCA the best 2

2024-04-16

Жаңылыктар

"Нур-Баткен" эми Премьер-Лигада оюн көргөзгөт

 «Нур-Баткен» футболдук клубунун жетекчилиги команда 2022-жылдан тарта Кыргыз профессионалдык футбол лигасы тарабынан уюштурулуучу Премьер-Лига клубдары арасындагы Кыргыз Республикасынын футбол боюнча чемпионатына катышарын расмий түрдө билдирди.
«Нур-Баткен» - Баткен облусунун атынан ойногон клуб. Өткөнкү сезондордо «Нур-Баткен» Кыргыз Республикасынын Улуттук лигасында ойноп келген, быйылкы сезондо биринчиликтин финалына чейин жеткен. 
Мындан сырткары, клубдун базасында жаш футболчуларды тарбиялаган футболдук мектеп иш алып барат.