AUCA the best 2

2024-04-19

Жаңылыктар

Айдана Оторбаева Профессионал футболчулар ассоциациясын жетектейт

Белгилүү спортчу Айдана Оторбаева Профессионал футболчулар ассоциациясынын директорлор кеңешинин төрайымы болуп дайындалды. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

 Айдана Оторбаеванын айтымында: "Бул күтүүсүз, бирок жагымдуу жаңылык болду.

Жалгыз аял директор жана эң кичүүсү катары талапкерликке мени ылайык көргөзгөн окшойт.

 Бардык пландарыбыз өлкөбүздө футболдун өнүгүүсү үчүн гана ишке ашсын" - деп билдирген ал өз сөзүндө.

Белгилей кетсек, Айдана Оторбаева кайрымдуулук иштери менен да үзгүлтүксүз алектенет. Буга чейин ал спортчу, паралимпиадачы Арстанбек Базаркуловго үй курууга жардам берүү үчүн акча чогулткан эле.