AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Мелис Турганбаев Москвада Россиянын Күрөш федерациясынын президенти менен жолукту

14-декабрда Москва шаарында (Россия) КР Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев менен Россиянын Күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвилинин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Россиянын Күрөш федерациясынын президенти Михаил Мамиашвили Мелис Турганбаевди Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. 

Федерациялардын жетекчилери бир катар маселелерди талкуулап, Акжол Махмудов менен Роман Власовдун алдыдагы боло турган беттеши тууралуу сүйлөшүштү.

Белгилей кетсек, Акжол Махмудов менен Роман Власовдун беттешүүсү 2022-жылдын май айында өтөрү белгилүү болгон.