AUCA the best 2

2024-04-26

Жаңылыктар

БЕКДӨӨЛӨТ РАСУЛБЕКОВ ТАШКЕНТ ШААРЫНДА ӨТКӨН ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНДУГУНДА КҮМҮШ МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛДЫ

Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Ташкент шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда оор атлетика боюнча күмүш байгенин ээси болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги билдирди.

Билдирмеге ылайык, Бекдөөлөт Расулбеков 102 килограмм салмак категорияда мелдешке чыккан. Спортчу жулкуп көтөрүү боюнча 167 килограмм, ал эми түртүп көтөрүүдө 217 килограмм көтөрүп жалпы 384 упайга ээ болгон.

Спортчу жалпы упайлык эсептин негизинде 4-орунду, ал эми түртүп көтөрүүдө 2-орунду, жулкуп көтөрүүдө 9-орунду ээлеген.