AUCA the best 2

2024-04-25

Жаңылыктар

Валентина Шевченко биринчи спорт залына барды

Кечээ 9-декабрь күнү белгилүү мушкер Валентина Шевченко спортко алгачкы кадамдарын таштаган залда барды. Бул тууралуу ITF таэквондо боюнча машыктыруучусу Сергей Фаустов билдирди.

"Валентина Шевченко менин окуучуларым менен жолукту. Биздин чемпион жана анын машыктыруучусу Павел Федотов Кыргызстандын сыймыгы деп ишенимдүү айта алабыз. Бул жолугушууда Валентина спорттогу алгачкы кадамдарын жана ушул залдагы сабактарын, алгачкы мелдештерин жана ийгиликтерин эстей алды. Валентинага, КР эмгек сиңирген машыктыруучусу Павел Федотовго, ошондой эле Елена Шевченко менен Эмил Токтогоновго сонун жолугушуу үчүн ыраазычылык билдиребиз" - деди Сергей Фаустов.