AUCA the best 2

2024-04-24

Жаңылыктар

Кыргызстанда биринчи жолу көркөм гимнастика боюнча Heritage фестивалы өттү

Кыргызстанда биринчи жолу көркөм гимнастика боюнча Heritage фестивалы, кечээ 9-декабрь күнү Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өттү.

Фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин колдоосу менен КР Көркөм гимнастика федерациясы жана «Женген» эл аралык фонду тарабынан уюштурулган.

Фестивалга спорттун ар кандай түрлөрү боюнча 200гө жакын балдар катышты. Кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова, ошондой эле көркөм гимнастика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону Айша Изабекова өзүнчө номер менен чыкты. Ошондой эле, Оруссиялык гимнаст, дүйнөнүн эки жолку чемпиону, Орусиянын бир нече жолку чемпиону, ошондой эле эстетикалык гимнастика боюнча Россиянын чемпиондорунун командасы Екатерина Селезнева өзгөчө номерлер менен чыкты.

Иш-чараны Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова, КР Көркөм гимнастика федерациясынын президенти Назира Айдарова, «Женген» эл аралык фондунун директору, КР Көркөм гимнастика федерациясынын вице-президенти Асел Энгалычева ачып берди.

Фестивалдын музыкалык коштоосун Нур Өмүрбаев жетектеген Мамлекеттик филармониянын камералык оркестри тартуулады.