AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Садыр Мамытов Улуттук Олимпиада комитетиненин жетекчиси болуп дайындалды

Садыр Мамытов Улуттук олимпиада комитетине жетекчи болуп дайындалды.

Бишкектеги отелдердин биринде Улуттук олимпиада комитетинин отчёт берүү жана шайлоо өткөрүү боюнча башкы ассамблеясы өттү. Ага УОКтун бардык мүчөлөрү — федерация мүчөлөрү катышкан.

Мамытов 54 добуштун 44үн алды. Калган добуш Болот Мотукеевге берилген.

Буга чейин Улуттук олимпиада комитетин, ошондой эле Күрөш федерациясын Абдыкерим Шаршенбеков жетектеп келген эле. Ал ноябрдын этегинде өз арызы менен отставкага кетип, парламенттик шайлоого катышуудан да баш тарткан.