2024-11-24
Кыргызстандын улуттук курама командасы ПараАзия оюндарына катышат
Бүгүн, 16-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы аренада Кытайдын Ханчжоу шаарында өтө турган ПараАзия оюндарына катыша турган улуттук курама командага Кыргызстандын туусун тапшыруу аземи өттү.
Кыргызстандык төрт балбан дүйнөлүк рейтингде алдыга чыкты
Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) Кытайда өткөн Азия оюндарынын жыйынтыгы боюнча жаңыланган дүйнөлүк рейтингин жарыялады.
Кыргызстан курама командасы Олимпиадага тандоонун жарым финалына чыкты
Кыргызстандын пляждык волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Парижде (Франция) өтүүчү Олимпиада оюндарына тандоонун кийинки айлампасына өттү.
Кыргыз волейболчулары Бангладеште өткөн Азия аймактык чемпионатында коло байге утушту
Кыргызстандын пляж волейболу боюнча кыз-келиндер курама командасы Бангладеште өткөн Азия аймактык чемпионатында коло медаль тагынды.
Калмира Билимбекова Албанияда өтө турган дүйнө чемпионатына (U-23) катышат
Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын Албанияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышуучу акыркы курамы белгилүү болду.
Парадзюдочу Хайитхон Хусан кызы дүйнөлүк рейтингде 3-орунга көтөрүлдү
Парадзюдочу Хайитхон Хусан кызы дүйнөлүк рейтингде 3-орунга көтөрүлдү. 24-27-сентябрда Бакуда (Азербайжан) өткөн Гран-при турниринде кыргызстандык кыз 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.
Кыргызстандын олимпиадалык курамасы Сауд Арабияда алгачкы машыгуусун өткөрдү
Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы Сауд Арабияда алгачкы машыгуусун өткөрдү. Кыргызстандыктар 15 жана 17-октябрда Сауд Арабиядан келген теңтуштары менен эки жолдоштук беттеш өткөрөт.