AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

Кыргыз волейболчулары Бангладеште өткөн Азия аймактык чемпионатында коло байге утушту

Кыргызстандын пляж волейболу боюнча кыз-келиндер курама командасы Бангладеште өткөн Азия аймактык чемпионатында коло медаль тагынды.

13-15-сентябрь күндөрү Кокс-Базар шаарында Борбордук Азия волейбол ассоциациясынын чемпионаты өттү.

Турнирдин стартына 10 команда чыкса, анын 3ү Кыргызстандан.

Жыйынтыгында Огулай Кудайкулова менен Айтурган Айтбекова түгөйлөрү 3-орунга ээ болуп, коло байгеге ээ болушту.

Жубайлар Роза Расулбек кызы менен Алина Гаркушина 4-орунга ээ болушту.