AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

Кыргызстан курама командасы Олимпиадага тандоонун жарым финалына чыкты

Кыргызстандын пляждык волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Парижде (Франция) өтүүчү Олимпиада оюндарына тандоонун кийинки айлампасына өттү.

Борбордук зонадагы алдын ала раунддун беттештери 8-11-октябрда Кокс-Базар шаарында (Бангладеш) 5 команданын катышуусунда өттү.

Регламентке ылайык, ар бир өлкө экиден жупка кирди. Кыргызстандан Адина Ааматжан кызы – Огулай Кудайкулова жана Ким Карина – Роза Расулбек кызы түгөйлөрү ат салышты. Ар бир жолугушууда командалар эки жуп болуп ойношту.

Кыргызстандык команда чейрек финалдан баштап, Индиянын командасын 2:0 эсебинде утуп алды. Жарым финалда Кыргызстандын командасы Бангладештин командасын ушундай эле эсеп менен утуп алды.

Финалдык оюнда кыргызстандыктар Казакстандын командасына утулуп, финалдык 2-орунду ээледи.

Казакстан курамасы Олимпиадага тандоонун финалдык туруна жетип, Кыргызстан жарым финалга өттү.

Жарым финалда Гонконг, Индонезия, Катар жана Вануату командалары да беттешет. Бул этаптын жеңүүчүсү финалдык турга өтөт.

Кытай, Жапония, Казакстан, Ливан, Жаңы Зеландия жана Таиланд командалары дароо финалдык турга жолдомо алышты.