AUCA the best 2

2024-05-03

Жаңылыктар

Кыргызстандын улуттук курама командасы ПараАзия оюндарына катышат

Бүгүн, 16-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы аренада Кытайдын Ханчжоу шаарында өтө турган ПараАзия оюндарына катыша турган улуттук курама командага Кыргызстандын туусун тапшыруу аземи өттү.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев катышты.

Эдил Байсалов курама командага ийгиликтерди каалап, мурдагы ПараАзия оюндарына салыштырмалуу спортчулардын санынын өскөнү, кыргыз спортундагы чоң жетишкендиктердин бири экендигин белгилеп, курама команданын капитаны Адилет Камчыбековго тууну тапшырды.

Белгилей кетсек, ПараАзия оюндары 20-30-октябрь күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандан спорттун 6 түрүнөн (жеңил атлетика,пауэрлифтинг,теннис,сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо) 29 спортчу катышат.

Мындан сырткары, курама командада машыктыруучулар, атайын спортчуларга көмөк көрсөтүүчү гиддер жана медицина кызматкерлери бар.