2024-09-15
Баалар маселеси: Тарыхтагы эң кымбат 5 Олимпиада оюндары
Оксфорд изилдөөчүлөрүнүн маалыматына таянсак Олимпиада оюндары дүйнөдөгү эң кымбат спорттук иш-чара экендигин белгиледи. Бул иш-чаранын масштабы өсүп баратканы байкалып турат. Мелдештердин кайсынысы эң кымбат рейтингдин алдыңкы 5 сабына кирди. Бул тууралуу topsport.kg сайтты Олимпиада оюндарына сарасеп салды.
Гүлжигит Алыкулов - Азиядагы жуманын мыкты оюнчусу аталды
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жана Алматы шаарынын "Кайрат" клубунун жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Азия Футбол Конфедерациясынын версиясы боюнча жуманын мыкты оюнчусу деп табылды. Кыргызстандык АФК сайтында өткөрүлгөн добуш берүүдө 44,39% добушка ээ болуп, 10 талапкердин рейтингинин сап башына чыкты.
Мен үчүн атамдын кубанычы биринчи орунда
Акыркы жылдары спорт тармагында, анын ичинде алыш күрөшкө кызыккандардын саны арбыган. Алардын катарын кыз-келиндер да толуктап келет. Бул жолку каарманыбыз Жазгүл Таланбек кызы. Ал өлкө аймагында бир нече мелдештердин жеңүүчүсү. Алыскы Баткен жергесинен чыккан балбан кызыбыз менен маек курдук.
Чыңгызбек уулу Илияс: "Таштандыдан капкак издесем элдер мени селсаяктай таң калып карашчу"
Бүгүнкү маектешим спорт менен маданиятты айкалыштырган көп кырдуу талант. Басып өткөн издерине кээде ууртум толуп жылмайсам, кээде боор тартып аяп, угуп отурдум.
Көк бөрү боюнча Талас облусунун чемпиону аныкталды
17-февраль күнү Талас районундагы Райкан Алканов атындагы ат майданында көк бөрү оюну боюнча Талас облусунун чемпионаты жыйынтыкталды.
Өкмөт башчы Каныбек Осмоналиевди кабыл алды
Премьер-министр Улукбек Марипов Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиев менен жолукту. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөдөгү дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн абалы жана келечегин талкуулашты.
Каныбек Жолчубеков карьерасын аяктады
Грек-рим күрөшчү боюнча курама команданын капитаны Каныбек Жолчубеков спорттук карьерасын аяктагандыгын жарыялады. Бул тууралуу ал 17-февралда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын ачылыш аземинде билдирди.