AUCA the best 2

2024-04-19

Гүлжигит Алыкулов - Азиядагы жуманын мыкты оюнчусу аталды

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жана Алматы шаарынын "Кайрат" клубунун  жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Азия Футбол Конфедерациясынын версиясы боюнча жуманын мыкты оюнчусу деп табылды.  Кыргызстандык АФК сайтында өткөрүлгөн добуш берүүдө 44,39% добушка ээ болуп, 10 талапкердин рейтингинин  сап башына чыкты.

 000005Гүлжигит.jpg

 

 Добуш берүүдө 22,42% добуш менен Зениттин чабуулчусу Сердар Азмун 2-орунду ээледи. Алыкулов Казакстан Суперкубогу-2021дин жыйынтыгы боюнча жуманын мыкты оюнчусу наамына талапкер болду. Тобол менен болгон жарым финалдык оюнда кыргызстандык оюнчу гол киргизип, пас берген.