AUCA the best 2

2024-04-26

Мен үчүн атамдын кубанычы биринчи орунда

Акыркы жылдары спорт тармагында, анын ичинде алыш күрөшкө кызыккандардын саны арбыган. Алардын катарын кыз-келиндер да толуктап келет. Бул жолку каарманыбыз Жазгүл Таланбек кызы. Ал өлкө аймагында бир нече мелдештердин жеңүүчүсү. Алыскы Баткен жергесинен чыккан балбан кызыбыз менен маек курдук.
 Аты-жөнү: Жазгүл Талантбек кызы
Туулган жылы: 01.04.1999-жыл.
Туулган жери: Баткен облусунун Лейлек районунун  Маргун айыл өкмөтүнө караштуу Даркум айылы
Бою: 160 см
Салмагы: 55 кг
Билими:Учурда  И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университинин Технологиялык факультетинин 4-курсунун студенти

000001Жазгүл.jpg-Саламатсызбы Жазгүл!  Өзүнүз жөнүндө айтып берсеңиз?

-Саламатчылык! Мен Талантбек кызы Жазгүл, 1999-жылы 1-апрелде Баткен облусунун Лейлек районунун Маргун айыл өкмөтүнө караштуу Даркум айылында жарык дүйнөгө келгем. 2006-жылдан 2017-жылдар аралыгында Шер Ташполотов атындагы орто мектебинде окугам. Үй-бүлөдө 4 бир туугандын эң улуусумун. Биздин үй-бүлөдө чоң атам, атам, апам , эки сиңдим жана сүйүктүү иним бар, аты Эрнис.
-Спортко кызыгууңуз кандайча башталган?
-Менин спортко кызыгуум ото эле жаш кезден башталган. Кичинекей кезимде эле атам балдар менен күрөштүрө берчү. Дайыма утуп, бирок канча утсам да , бир жолу жеңилсем ошону айтып ызаландырып ыйлатчу. Мектепте окуп жүргөндө 6-классымдан 11-класска чейин волейбол ойнодум. Волейбол боюнча Райондук кыздар курама командасында ойноп калдым. Ал эми күрөшкө шаарга келип , Жогорку окуу жайдан тренерлер байкап , залга алып барган.
-Алгачкы жеңиште болгон сезимдер? 
-Алгачкы жеңишим 2017-жылы эркин күрөш боюнча КРнын ЖОЖдор арасында өткөн универсиадада 57 кг салмакта чемпион болгом. Өтө кубангам. Албетте, эң биринчи эле атама телефон чалгам. Мен үчүн атамдын кубанычы эң биринчи орунда.
-Дагы кайсы мелдештерге катышкансыз?
-2019-жылы ошол эле ЖОЖдор арасында өткөн универсиадада 2-орунду алгам жана Казакстанда өткөн бел боо күрөшү боюнча жаштар арасында дүйнө биринчилигине катышкам. Быйыл «Алыш» күрөшү боюнча өлкө биринчилигинде 55 кг салмакта биринчи күнү коло, экинчи күнү күмүш медалдын ээси болдум.
-Спортко кызыгууңуз боюнча ата-энеңиздин көз карашы кандай?
-Ата-энем албетте колдойт. Менимче ата-эненин колдоосу маанилүү. Мени материалдык жактан, моралдык жактан да колдоп турушат,айрыкча , чоң атам күрөш ышкыбозу. 
-Алдыда пландарыңыз жөнүндө айта кетсеңиз?
-Алдыда пландар көп. Турнирлер эми эле башталды. Бүткүл дүйнөлүк пандемия  көптөгөн чоң турнирлердин болбой калышына себеп болду.
-Убактыңызды бөлүп бизге маек куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем. Ишиңизге ийгилик!