2024-09-15
Эркин күрөшү боюнча жаштар чемпионаты өттү
Эркин күрөш боюнча жаштар арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты өттү. Мелдеш 26-28 март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда болду. Республикалык чемпионатка өлкөнүн бардык облусунан жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 260 спортчу катышты. Алар он салмак категорясы боюнча беттешкен. Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундун ээлери диплом, медалдар менен сыйланышты. Чемпионат Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы тарабынан уюштурулду.
Кыргыз спортчулары Ташкент Марафонунда төрт медаль жеңди
Кечээ 28-март жеңил атлетика боюнча курама командасы Өзбекистанда болгон Ташкент марафонуна катышып келди. Марафондун жыйытыгында кыргыз спортчулары Кыфргызстандын капчыгына төрт медаль (2 алтын, 1 күмүш, 1 коло) алып келди. Мелдешке жалпы алты спортчу катышкан.
Баткен облусунда спорт коплекси колдонууга берилди
Баткен районунда дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады. Баткен районунда дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси пайдаланууга берилди
Ага ылайык, заман талабына ылайык курулган жабык типтеги спорт комплексте мырзалар, айымдар жана балдар үчүн ден соолукту чыңдап, эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Имарат эки кабаттуу.
Хабиб Нурмухамедов UFCнин жеңил сламактагы кийинки мыкларды атады
UFCнин жеңил салмактагы мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов кийинки жеңил салмактагы мыкты ким болот деген суроого жооп берди. «Азыр адамдар Чандлер, Оливейра жана Дастин, Конор жана Гейдж жөнүндө сүйлөшүп жатышса дагы, бирок ... Менин оюмча, ушул жылдын аягында же кийинки жылдын башында Ислам Махачев мыкты болот. Мүмкүн, адамдар аны жөн эле жарнамалап жатам деп ойлошот. Бирок мен бул жигиттин канчалык деңгээлде жакшы экендигин билем. Бир жолу аны сегиз бурчтукта, спорт залда, спаррингде же килемдерде кездештиргендердин бардыгы муну билишет. Сиз көптөгөн UFC мушкерлери менен сүйлөшсөңүз болот, Леон Эдвардстын же Камара Усмандын суроолору, булар орто салмакта.
Тайланд боксу кулпулангандан кийинки биринчи мелдеш
Жекеме-жеке мушташ түрүнүн федерациясы катышуучуларды топторго бөлүп, байланышты азайтуу максатында төрт күн бою мушташ өткөрүүнү чечти. Залда мушташты күтүп турган мушташтар гана бар, ал эми оюн көрсөткөн спортчулар мелдеш өтүүчү жерден чыгып кетишет. Болжол менен 15 жаштан жогору 300 катышуучу арыз тапшырган. "Ахиллес", "Шарк", "Ким Клуб", "Мирбек", "Бату Хан" жана башка клубдар өздөрүнүн мушкерлери оюн көрсөтүштү.
Азат Аманбеков самбо боюнча Дүйнө Кубогуна алтын тагынды
Кыргызстандын курама командасы Москва шаарында өткөн "А.Харлампиев мемориалы" самбо боюнча Дүйнөлүк Кубогунда эркектер арасында спорттук самбо боюнча командалык эсепте 3-орунду ээледи.
Самбо боюнча дүйнө чемпионаты Ташкентте өтөт
Самбо боюнча дүйнө чемпионаты 12-14-ноябрь аралыгында Ташкентте өтөт. Мындай чечим Эл аралык самбо федерациясынын аткаруучу комитетинин 24-мартта Москвада өткөн жыйынында кабыл алынды.
Буга чейин Эл аралык самбо федерациясы дүйнө чемпионаты Москвада өтөрүн билдирген. Бирок былтыр декабрда Спорттук арбитраждык сот Орусияны дүйнө чемпионаттарын жана Олимпиада оюндарын өткөрүүгө эки жылга тыюу салган.