2024-11-23
Куклина биатлон боюнча Россиянын чемпионатында массалык стартта жеңишке жетишти
Лариса Куклина Ханты-Мансийск шаарында 12,5 чакырымдык массалык стартта жеңишке жетишип, биатлондун Россиянын чемпиону болду. Ал эми Наталья Ушкина экинчи орунду ээлеген. Эске салсак, спортчу кийинки сезондон тартып Румыниянын курама командасында ойноону көздөп жатат. Ошондой эле Виктория Сливко үчүнчү орунду камсыз кылды.
Азия дзюдо союзунун президенти Обайд Аль Анзи Бишкекке келди
3-апрелде Азия дзюдо союзунун президенти Обайд Аль Анзи Бишкек шаарына келди. “Манас” эл аралык аэропортунда мейманды Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Көлбаев тосуп алды. Иш сапардын негизги максаты - Борбор Азиядагы дзюдо спортун өнүктүрүү, дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатынын ачылышына катышуу болуп эсептелет. Булак: sport.gov.kg
ММА Азия чемпионаты Бишкекте өтөт
Кыргызстанда Дүйнөлүк ММА Ассоциациясы - GAMMAнын ММА боюнча Азия чемпионаты өтөт, деп билдирди КРнын ММА жана РФ федерациясы. Белгилей кетсек, турнир Борбор Азияда биринчи жолу, 21-26-июль аралыгында Ысык-Көлдүн жээгинде өтөт.
Алматы шаарында өтө турган турнирге жолдомо споптчулар
9-апрелден 11-апрелге чейин Алматы шаарында өтө турган күрөш боюнча лицензиялык мелдешке Кыргызстандын курама командасынын курамы белгилүү болду.
Күрөштүн үч түрү боюнча Кыргызстандан курама командага жакынкы Токиодо өтө турган Олимпиадага лицензия үчүн ат салышкан 14 спортчу кирген. Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын балбандары Олимпиадага Айсулуу Тыныбекова менен Атабек Азисбековдун эки лицензиясына ээ болушкан.
Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына даярдык көрүү боюнча көчмө жыйын болуп өттү.
1-апрелде «Газпром – балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде (Бишкек шаары) дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына даярдык көрүү боюнча көчмө жыйын болуп өттү.
Жолугушууга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттогу жогорку жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги Марат Аскарбеков, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, КРнын Улуттук дзюдо федерациясынын өкүлдөрү, тиешелүү аткаруу бийлик органдарынын жана башка уюмдардын жетекчилери катышышты.
Дзюдо боюнча Азия чемпионаты: Кыргызстандын курама командасы
6-9-апрелде Бишкекте дзюдо боюнча аялдар жана эркектер арасында Азия жана Океания чемпионаты өтөт.
Жалпысынан эркектер жана аялдар арасында 14 комплект медаль ойнотулат.
Турнирде эркектер арасында 7 комплект медалдар ойнотулуп, алар үчүн Кыргызстандан 9 спортчу күч сынашат.
Көк бөрү оюну боюнча Лейлек районунун биринчилиги өтөт
Улуттук оюдарды жер-жерлерде өнүктүрүү максатында көк бөру оюну боюнча Баткен облусунуна караштуу Лейлек районунуну биринчилиги болот. Чемпионат 10-11 апрель күнү Лейлек районунун Миң-Жыгач айылында оорун алат. Мелдешке жалпы аталган райондун айыл аймактарынан келген командалар катышат.