2024-05-06
Аина Маратова Ташкент шаарында өткөн фестивалда биринчи оорунду камсыз кылды
Жаш спортчу Аина Маратова Ташкентте өткөн эл аралык фестивалда биринчи оорунду камсыз кылды.
Дария Маслова Тажикстанда өткөн Эл аралык мелдеште алтын тагынды
Кыргызстандык спортчу Дарья Маслова Тажикстанда өткөн Эл аралык жарым марафондун жеңүүчүсү болду.
Радион Хрипченко рейтингдик Дүйнө Кубогуна катышат
Заманбап спорттун беш түрү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү Радион Хрипченко 7-11-апрель күндөрү (1-этап) жана 15-18-апрель күндөрү (2-этап) София шаарында (Болгария) өтө турган рейтингдик Дүйнө Кубогуна катышат.
Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Кыргызстандын дзюдо академиясынын ачылышына катышты
9-апрелде, Бишкек шаарында Кыргызстандын дзюдо академиясынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Эл аралык дзюдо федерациясынын президенти Мариус Визер, Азия дзюдо союзунун президенти Обейд Аль Анзи, Кыргыз Республикасынын дзюдо федерациясынын президенти Жолдошбек Колбаев, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов жана Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов катышты.
Балбан Эрназар Акматалиев Алматы шаарында өткөн лицензиялык турнирде жеңишке жетти
Кыргызстандык Эрназар Акматалиев Казакстанда өткөн лицензиялык турнирде Олимпиада оюндарына жолдомо алды. 6-9 апрель күндөрү Алматы шаарында эркин күрөш боюнча квалификациялык турнир өтүп жатат. Акматалиев эркин күрөш боюнча мелдешке 65 кг салмакка чейин катышты.
Жалал-Абад облусунун башчысынын кичи футбол боюнча өтмө кубогу болуп өттү.
Жер-жерлерде спортту өнүктүрүү максатында Жалал-Абад облусунда башсычсынын кичи футбол боюнча өтмө кубогу болуп өттү. Мелдештин жыйынтыгында ар бир командага акчалай жана кубок медалдар ыйгарылды.
Кыргызстандык үч спортчу Олимпиада оюдарына лицензия алды
Жоломан Шаршенбеков, Үзүр Жусупбеков жана жана Акжол Махмудов Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарына лицензиялык жолдомо алды.
60 кг салмакта катышкан Шаршенбеков чейрек финалдагы атаандашы кореялык Ханжаэ Чунг болгон. Таймаш кызуу жүрүп, кыргызстандык балбан 6:2 эсебинде жеңишке жетип, жарым финалга чыккан.