AUCA the best 2

2024-03-29

Жаңылыктар

Дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына даярдык көрүү боюнча көчмө жыйын болуп өттү.

1-апрелде «Газпром – балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде (Бишкек шаары) дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатына даярдык көрүү боюнча көчмө жыйын болуп өттү.
 
Жолугушууга Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттогу жогорку жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги Марат Аскарбеков, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, КРнын Улуттук дзюдо федерациясынын өкүлдөрү, тиешелүү аткаруу бийлик органдарынын жана башка уюмдардын жетекчилери катышышты.
 
 
202104020540423.jpg
Тактап айтканда, жолугушууда материалдык-техникалык жабдуу, электр энергиясын үзгүлтүксүз камсыз кылуу, иш-чаранын катышуучулары менен конокторунун коопсуздугун камсыздоого байланыштуу маселелер көтөрүлдү.
 
Эскерте кетсек, дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионаты 2021-жылдын 6-9-апрель күндөрү Бишкек шаарында болот.
Булак: Sport.gov.kg
 
202104020540410.jpg