AUCA the best 2

2024-04-20

Жаңылыктар

Баткен облусунда спорт коплекси колдонууга берилди

Баткен районунда дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы кабарлады. Баткен районунда дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплекси пайдаланууга берилди

Ага ылайык, заман талабына ылайык курулган жабык типтеги спорт комплексте мырзалар, айымдар жана балдар үчүн ден соолукту чыңдап, эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Имарат эки кабаттуу.

1051910350.jpg

Аталган жай Баткен шаарынын тургуну, жеке ишкер тарабынан курулду. Ал түрк инвесторлору менен өнөктөш катары иш алып барган.

Комплекстин ачылышына катышкан өкүлчүлүктүн аппарат жетекчиси Мунарбек Насиров тургундарды бул саамалык менен куттуктап, калктын саламаттыгын чыңдоого жана сергек жашоо образын калыптандырууга багытталган комплекстин ишине ийгиликтерди каалады.

Булак: Спутник Кыргызстан



Дагы: https://sputnik.kg/sport/20210327/1051910240/batken-sport-kompleksi-pajdalanuuga-berildi.html