2024-09-15
Үч Улуттар Кубогу: Кыргызстан (U-23) Бангладеш менен ойноду
23-мартта футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасы (U-23) Непалда өтүп жаткан эл аралык мелдеште старт алат. Катмандуда Үч улут кубогу турнири башталат, ага Непал менен Бангладештин курама командалары, ошондой эле Кыргызстандын U-23 олимпиадалык курама командасы катышат.
Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship турнирин жеңип алды
Кыргыз мушкери Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship турнирин жеңип алды. Мелдеш 19-мартта Краснодар шаарында өттү. Турнирдин башкы картасынын дуэлинде Абдибаит уулу орусиялык Владислав Королевский менен беттешти. Ар бири 5 мүнөттөн турган үч раунддун жыйынтыгында, калыстар өзүнчө чечим менен жеңишти Кыргызстандын өкүлүнө берди.
Азат Усеналиев Түркияда өткөн мелдеште биринчи оорунду алды
Кыргыз мушкери Азат Усеналиев Түркияда өткөн "Босфор 2021" турниринде 52 кг салмакта катышып, жениңүүчү аталды. мындан сырткары Усеналиев баштаган мушкерлер байгелүү оорундары касыз кылды. 57 кг салмакта Акылбек Эсенбек уулу экинчи оорунду касыз кылса, Байжигит Өмүрбек уулу 75 кг салмакта, 81 кг салмакта Эркин Адылбек уулу үчүнчү оорунду багындырды.
Нооруз майрманына арналган ат чабыштын жыйынтыктары
Бүгүн, 21-март күнү, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) «Нооруз» элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында ат чабыш өттү.
Жеңүүчүлөрдүн жана байгелүү орун ээлеринин ээси:
Салбуурун боюнча мыктылар аныкталды
Нооруз элдик майрмына арналган салбуурун боюнча мелдештин жыйынтыктары
Бүгүн, 21-март күнү, Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) «Нооруз» элдик майрамына арналган ат оюндарынын алкагында салбуурун боюнча финалдык беттештер өттү.
Нуржан Мелисбек "Мыкты Улакчы" аталды
Нооруз майрамынын ошондой эле Болот Шамшиев, Темир Дүйшөкеев жана Болот Шерниязовдун жаркын элесине арналган турнирдтн алкагында мыктылар аныкталды. Алардын катарында "Мыкты улакчы" жана "Мыкты аргымак" наамдары бар. "Мыкты улакчы" наамына жогорку лиганын курамында оюн көргөзгөн "Ынтымак" командасынын оюнчусу Нуржан Мелисбек уулу татыктуу болду. Ал эми биринчи лигадан оюн көргөзгөн "Кара-буура" командасынын оюнчусу Ариет Төлөнов татыктуу болду. Мындан сырткары "Мыкты аргымак" наамына "Достук" командасынын Шахмат аргымак ээ болуп, бирининчи лигадан "Жети-Өгүз" командасынын Чемпион аргымагы таатыктуу болду.
Кыргызстандын курама командасы дзюдо боюнча Азиянын Ачык Кубогуна катышты
Казакстандын Актау шаарында өткөн Asian Open Aktau мелдешинде Кыргызстандын курама командасы катышты. Мелдешке алты мамлекеттен 198 спортчу (110 дзюдочу жана 88 дзюдочу аял) катышкан.