2024-11-23
Дүйнөлүк чемпионат: Сезим Жуманазарова коло медаль тагынды
Кыргызстандык спортчу Сезим Жуманазарова жаштар арасындагы дүйнө чемпионатынан коло байгеге ээ болду.
КРнын паралимпиада боюнча курама командасы Токиого учуп кетти
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Паралимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү Арстанбек Базаркулов, Хайитхон Хусан кызы жана алардын машыктуруучулары Алмазбек Абиров жана Канатбек Имияновдор XVI Паралимпиадалык оюндарга катышуу үчүн Токиого сапар алышты.
Дүйнөлүк чемпионат: Эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын жыйынтыктары
Жаш өспүрүмдөр арасындагы эркин күрөш боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Уфа шаарында өткөн дүйнө чемпионатында бир медалга ээ болду. Эркин күрөш боюнча турнир 16-18-августта Уфа шаарында өттү. Эркин күрөш боюнча турнирде 10 комплект медаль ойнотулган. Ал эми Кыргызстандан 10 спортчу катышкан.
Эгемендүүлүк күнүнө карата Баткен облусунунда өтүүчү иш-чаралар
Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата өлкөнүн бардык облустарында спорттук-массалык иш-чаралар өтөт.
Дүйнө биринчилиги: Калмира Билимбек кызы күмүш медаль тагынды
Кыргызстандык балбан Калмира Билимбек кызы жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатынын күмүш медалдын ээси болду. 55 килограмм салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык кыз финалда беларустук спортчу Алеся Гетманова менен күч сынашып, 7:6 эсебинде жеңишти алдырган.
Жаштар арасында дүйнө чемпионатында Мухаммед Абдуллаев коло медалга ээ болду
Кыргызстандык балбан Мухаммад Абдуллаев жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатындп коло медалга ээ болду.
Кыргызстандык спортчу Калмира дүйнө биринчилигинин финалына чыкты
Кыргызстандык балбан кыз Калмира Билимбек кызы Россияда өтүп жаткан күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө биринчилигинин финалына чыкты. Ал 55 кг салмакка чейинки категорияда күч сынашууда.