2024-11-23
Бишкекте бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
19 -сентябрь күнү Бишкекте эркектер жана кыз-келиндер арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат.
19-сентябрда Бишкекте полумарафон өтөт
Бишкекте 19-сентябрь күнү BISHKEK HALF MARATHON-2021 жарышы өтөт. Жарыш 3, 10 жана 21,1 чакырымга чуркоо жана 3, 10 чакырымга жөө басуу боюнча болот.
Күрөш боюнча өспүрүмдөр курамасы дүйнө мектептери арасында өткөн мелдеште 10 медаль жеңди
Бүгүн, 16-сентябрь «Манас» эл аралык аэропортунда (Бишкек шаары) күрөш боюнча бүткүл дүйнөлүк мектептер арасы өткөн мелдешкте байгелүү орундарды ээлеген, Кыргыз Республикасынын 15 жашка чейинки (U 15) өспүрүмдөр курама командасын тосуп алышты.
Кыргызстанда биринчи жолу триатлон боюнча Азия чемпионаты өтөт
17-19-сентябрь күндөрү Чолпон-Ата (Ысык-Көл облусу) шаарында кесипкөй спортчулар жана U15 (13-15 жаштагы) өспүрүмдөр арасында триатлон боюнча Азия чемпионаты өтөт.
Кикбоксинг боюнча Ош облусунда ачык чемпионат өтөт
17-19 сентябрь күндөрү Ош
облусунун кикбоксинг боюнча ачык чемпионат болот. Бул тууралуу облустук кикбоксинг федерациясынын орун басары Мамыржан Абдураимов билдирди. Маалымат ылайык спорттук иш чара пандемиядан улам өтпөй калган эле.
Бүткүл дүйнөлүк мектеп оюндарынын алкагында кыргыз балбандары байгелүү орундарга жетишти
12-14-сентябрь күндөрү Белградда (Сербия) Дүйнөлүк мектеп окуучуларынын арасында чемпионат болуп өттү.
Грепплинг боюнча Республикалык чемпионат өтөт
2-3 октябр күндөрү грепплинг боюнча Республикалык чемпионат өтөт. Бул тууралуу аталган федерациянын маалымат кызматынан билдирди. Чемпионат «Газпром» спорттук комплексинде болот.