2024-11-23
Дүйнө чемпионатына эркин күрөшү боюнча жети балбан катышат
Норвегиянын борбору Осло шаарында өтө турган күрөш боюнча Дүйнө чемпионатына Кыргызстандан эркин күрөш боюнча 7 балбан катышат.
Шымкентте азия чемпионаты өтүп жатат
Казакстан Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алдында Чымкентте чоңдор жана өспүрүмдөр арасында ок атуу спорту боюнча Азия чемпионаты өтүп жатат. 10-сентябрь күнү башталган чемпионат 20-сентябрга чейин уланат. Аталган турнир Азия ок атуу конфедерациясы менен Казакстандын ок атуу федерациясынын колдоосу менен уюштурулган.
Акжол Махмудов дүйнө чемпиондугуна катышпайт
Токио өткөн жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов Норвегияда өтүүчү күрөш боюнча дүйнө чемпиондугуна катышпайт. Маалымат ылайык балбан Олимпиада оюндарынан кийин калыбына келүү процессинен өтүп жаткандыгы белгилүү болду. Ошондой эле азырынча эч кандай мелдештерге катышпай тургандыгын машыктыруучусу Мерамбек Ахметов тастыктаган.
КМШ Оюндары: Футзал боюнча курама команда
Футзал боюнча Кыргыз Республикасынын өспүрүмдөр курама командасы 4-11-сентябрь күндөрү Казань шаарында өткөн КМШ оюндарында ийгиликтүү оюн көрсөтүп, жалпы эсепте 4-орунду ээледи.
Тыныбекова баш болгон балан кыздар Норвегияда өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат
Кыргызстандык балбан кыздар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы 2-10-октябр күнү Норвегиянын өтө турган кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатына катышат. Маалымат ылайык, учурда спортчу кыздар Ысык-Көлдө машыгууда.
Кыргызстандык эки балбан Оруссияда өтүп жаткан эл аралык турнирде коло медалга ээ болду
Кыргызстандык балбандар Бексултан Махмудов менен Калы Сулайманов Россияда өтүп жаткан Александр Нестеренконун элесине арналган эл аралык турнирден коло медаль утту. Бул туурасында Кыргызстандын Күрөш федерациясы билдирди.
КМШ оюндары: Калыс Нурланбек уулу каратэ боюнча КМШ Оюндарынын чемпиону аталды
Каратэ боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөсү Калыс Нурланбек уулу, Казань шаарында өтүп жаткан КМШ оюндарында алтын медаль тагынды.
Нурланбек уулу Калыс 67 кг салмак категорияда күч сынашкан.