AUCA the best 2

2024-04-25

Токио-2020

КРнын паралимпиада боюнча курама командасы Токиого учуп кетти

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Паралимпиадалык курама командасынын мүчөлөрү Арстанбек Базаркулов, Хайитхон Хусан кызы жана алардын машыктуруучулары Алмазбек Абиров жана Канатбек Имияновдор XVI Паралимпиадалык оюндарга катышуу үчүн Токиого сапар алышты.
Ошондой эле аларды ковид офицер Кундуз Абирова коштоп кетти.
Спортчуларды Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине караштуу Спорттун олимпиялык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Төрөгелдиев Асеин Тургунбекович ийгиликтерди каалап узатты.
Белгилей кетсек, XVI Паралимпиада 2021-жылдын 24-августунан тартып 5 -сентябрына чейин Токиодо өтөт.
 Булак: sport.gov.kg