2024-04-19
Акжол Махмудовго Раим Матраимов үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды
Токиодо өткөн жайкы Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудовго Раим Матраимов үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыкты.
Кыргызстандын футбол боюнча 2021-жылдагы кубогуна Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" клубу ээ болду.
Кыргыз футбол бирлиги билдиргендей, кечээ, 18-сентябрь күнү Баткен шаарындагы борбордук стадиондо өткөн финалдык беттеште Кочкор-Атанын командасы Бишкектин “Алга” клубу менен беттешти. Оюндун негизги убакыты 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктап, пенальти тебүүдө “Нефтчи” клубу алдыга чыкты (4:2).
Триатлон боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү сыйланды
Кечээ 18-сентябрь күнү, Чолпон-Ата шаарында триатлон боюнча Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.
Дүйнө чемпиондугу: Мээрим Жуманазарованын атаандаштары белгилүү болду
Норвегияда өтө турган дүйнө чемпиондугунда балбан Мээрим Жуманазарованын атаандаштары белгилүү болду.
КМШ оюндары: Кыргызстандын эсебинде 38 медаль бар
КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, спартакиадага жалпысынан 1640 спортчу катышкан. Алардын арасында КМШнын 9 өлкөсүнөн (Азербайжан, Армения, Беларусь, Казакстан, Молдова, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан) 1172 спортчу (14 жаштан 23 жашка чейин) бар.
Оюндардын жүрүшүндө спорттун 16 түрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, Жалпысынан 182 комплект сыйлык ойнотулган.
КМШ оюндарында Кыргызстандын атынан 120дан ашуун спортчу катышып, жалпы медалдык эсепке 38 медаль (3 алтын, 10 күмүш, 25 коло) алып келди.
Футбол: Кыргызстандын курама командасы ФИФАнын рейтингинде кайрадан ТОП-100 гө кирди
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы ФИФАнын рейтингинде кайрадан ТОП-100гө кирди.
Бишкекте бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
19 -сентябрь күнү Бишкекте эркектер жана кыз-келиндер арасында бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты башталат.