AUCA the best 2

2024-04-26

Күрөш

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда эл аралык окуу-машыгуу жыйын өткөрөт

XXXII жайкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү даярдануу максатында кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 28-июндан 11-июлга чейин Таллин шаарында (Эстония) эл аралык окуу-машыгуу жыйын өткөрөт.

Толугу менен...

Эркин күрөш боюнча курама команда «Yaşar Doğu» эл аралык мелдешинде 5 медаль жеңди

Эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 24-27-июнь күндөрү Стамбул шаарында (Түркия)  өткөн «Yaşar Doğu» эл аралык мелдешинде 5 медаль ( 1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло) жеңди. 

Толугу менен...

Эркин күрөш боюнча курама команда «Yaşar Doğu» эл аралык мелдешине катышат

Эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 24-27-июнь күндөрү Стамбул шаарында (Түркия)  өтө турган «Yaşar Doğu» эл аралык мелдешине катышат.  

Толугу менен...

Кыргызстандык спортчулар Түркияда өткөн эл аралык мелдеште 5 медаль жеңди

18-20-июнь күндөрү грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү Стамбул шаарында (Түркия) өткөн эл аралык Vehbi Emre & Hamit Kaplan мелдешине катышты.

Толугу менен...

Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингдин сап башына чыкты

Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн эл аралык мелдешти жеңип, дүйнөлүк рейтингдин сап башына жайгашты. Тыныбекова8-июндан 13-июнга чейин Польшада өткөн эл аралык мелдеште 62 кг салмак категориясында күч сынашып, алтын медаль жеңди. Бул мелдеш балбандардын рейтингине дагы таасир этмек. Себеби байгелүү орундарды ээлеген спортчуларга упайлар берилмек.

Толугу менен...

Poland Open: Мээрим Жуманазарова коло медал тагынды

 Мээрим Жуманазарова Польшада өткөн күрөш боюнча эл аралык турнирдин коло медалын жеңип алды. Ал 11-июнда турнирде 68 килограммга чейинки салмак ченинде чыгып, 1/8 финалдык баскычтан баштаган. 59 килограммга чейинки салмак категориясында Кыргызстандан тайпалык баскычта медалдар үчүн күрөштөн чыгып калган эки спортчу күч сынашты.

Толугу менен...

Poland Open: Мээрим Жуманазарова бүгүн беттешет

Варшава (Польша) шаарында өтүп жаткан Эл аралык мелдеште Мээрим  Жуманазарова беттешет.11-июнда аялдар арасында эркин күрөш боюнча 5 медалдар топтому ойнотулат. Килемге Кыргызстандан үч спортчу чыгат. Алар Нураида Анаркулов жана Назира Марсбек кызы (экөө тең 59 кг чейин), ошондой эле Мээрим Жуманазарова (68 кг чейин).

Толугу менен...

Айсулуу Тыныбекова Польшада өткөн турнирдин алтынын жеңип алды

Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча Польшада өткөн эл аралык Poland Open-2021 турниринин жеңүүчүсү болду. Ал 10-июнда чейрек финалдык баскычтан баштаган.Тыныбекова 62 кг салмак категориясындагы катышты.

Толугу менен...

Грек-рим күрөшү боюнча курама команда «VEHBI EMRE HAMIT KAPLAN» эл аралык мелдешине даярдык көрөт

 Грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 17-20- июнь күндөрү Стамбул шаарында (Түркия)  өтө турган «VEHBI EMRE HAMIT KAPLAN» эл аралык мелдешине катышат. 

Толугу менен...

Түркияда өткөн эл аралык мелдеште кыз-келиндер күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү 4 медаль жеңишти

 Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын жаштар курама командасынын мүчөлөрү 28-30-май күндөрү Стамбул шаарында (Түркия) өткөн «Champions 2021» XXIII эл аралык мелдешинде 4 медаль (2 күмүш, 2 коло) жеңишти. 

Толугу менен...

Арсалан Будажапов Ярыгин Гран-присинде коло медалды жеңип алды

Кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов Россияда өткөн эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште коло медалга ээ болду. Гран-при "Иван Ярыгин-2021" 27-30-май күндөрү Красноярск шаарында өттү. Будажапов 28-29-май күндөрү 79 кг салмак категориясындагы турнирде чыгып, коло медалга ээ болду.

Толугу менен...

Атабек Азисбековдун Токио Олимпиадасындагы атаандаштары

Атабек Азисбековдун Токиодогу Олимпиада оюндарындагы бардык атаандаштары белгилүү болду. 8-майда Болгарияда өткөн Күрөш боюнча Дүйнөлүк Квалификациялык Турнирдин алкагында Японияда өтө турган оюндарга эки акыркы лицензия тапшырылган. Хорватия менен Сербиянын өкүлдөрү алардын ээлери болгон.

Толугу менен...

ХХХII Олимпиада оюндарына эркин боюнча Кыргызстандын курама командасы да катышат.

ХХХII Жайкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү даярдануу максатында, Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкек шаарында окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүшүүдө.

Толугу менен...

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда «Poland Open» эл аралык мелдешине даярдык көрөт

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 8-14-июнь күндөрү Варшава шаарында (Польша) өтө турган «Poland Open» рейтингдик эл аралык мелдешине катышат. 

Толугу менен...

Токио Олимпиадасы: Айпери Медет Кызынын бардык атаандаштары аныкталды

Токиодогу Олимпиада оюндарындаАйпери Медет кызынын бардык атаандаштары белгилүү болду. 7-майда Болгарияда өткөн Күрөш боюнча Дүйнөлүк Квалификациялык Турнирдин алкагында Японияда өтүүчү оюндарга эки акыркы лицензия тапшырылды.

Толугу менен...

Токио Олимпиадасы: Эрназар Акматалиеванын бардык атаандаштары аныкталды

 6-майда София шаарында (Болгария) Токиодогу Олимпиада оюндарына эркин күрөш боюнча акыркы тандоо турнири башталды. Бул турнирде эркектер жана аялдар арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча Японияга оюндарга 36 жолдомо ойнотулган.

Толугу менен...

Мээрим Жуманазарованын Токио Олимпиадасындагы бардык атаандаштары аныкталды

Токиодогу Олимпиада оюндарында Мээрим Жуманазарованын бардык атаандаштары белгилүү болду. 7-майда Болгарияда өткөн Күрөш боюнча Дүйнөлүк Квалификациялык Турнирдин алкагында Японияда өтүүчү оюндарга эки акыркы лицензия тапшырылган. 

Толугу менен...

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курамасы Болгариядагы мелдеште Олимпиадага жолдомо жеңе алган жок

Кечээ, 6-майда Болгариянын София шаарында күрөш боюнча дүйнөлүк лицензиялык мелдеш башталды. Ал жакта Токио шаарында өтө турчу Олимпиадага катышуу үчүн соңку жолдомолор ойнотулууда.

Толугу менен...

Олимпиада оюндары: Бүгүн кыргызстандык 5 балбан жолдомо үчүн күч сынашат

Бүгүн, 6-майда Болгариянын София шаарында күрөш боюнча дүйнөлүк лицензиялык мелдеш башталат. Ал жакта Токио шаарында өтө турчу Олимпиадага катышуу үчүн соңку жолдомолор ойнотулат.

Толугу менен...

Каныбек Жолчубеков карьерасын аяктады

Грек-рим күрөшчү боюнча курама команданын капитаны Каныбек Жолчубеков спорттук карьерасын аяктагандыгын жарыялады. Бул тууралуу ал 17-февралда грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионатынын ачылыш аземинде билдирди.

Толугу менен...