AUCA the best 2

2024-04-29

Жаңылыктар

Кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда «Poland Open» эл аралык мелдешине даярдык көрөт

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук курама командасынын мүчөлөрү 8-14-июнь күндөрү Варшава шаарында (Польша) өтө турган «Poland Open» рейтингдик эл аралык мелдешине катышат. 
Ошондой эле спортчулар мелдешке ийгиликтүү даярдануу максатында 22-майдан 7-июнга чейин Таллин шаарында (Эстония) өтө турган эл аралык окуу-машыгуу жыйынга катышат. 
Кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама бул мелдешке төмөнкү курамда катышат: 
1. Айсулуу Тыныбекова, ЭДСЧ, 62 кг;
2. Айпери Медет кызы, ЭДСЧ, 76 кг;
3.  Мээрим Жуманазарова, ЭДСЧ, 68 кг;
4. Нураида Анаркулова, СЧ, 59 кг; 
5. Назира Марсбек кызы, СЧ, 59 кг;
6. Нурбек Изабеков, башкы машыктыруучу;
7.  Бактыгуль Алишева, догдур;
8. Константин Еремич, массажист. 
Белгилей кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама команда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлөт.   
Булак: sport.gov.kg